1

Тема: 1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

Бүгүн сиздин үйүңүздө майрам! Балаңыз ымыркай курактан өтүп, 1 жашка чыкты! Сиздин маңдайыңызда кичинекей киши турат. Анын өзүнүн мүнөзү, каалоосу, адаты бар. Бул курактагы балдар өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Кандай камкордук? Бул тууралуу ЮНИСЕФтин колдонмосунда кеңири айтылган.

1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

Бул маселе боюнча тасма үчүн:

2

Re: 1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

ФИЗИОЛОГИЯСЫ

Бир жаштан кийин баланын чоңоюусу мурдагыга салыштырмалуу басаңдайт, салмак кошуусу азаят. Кабатырланбаңыз, бул нормалдуу көрүнүш. Анткени бала көп кыймылдап, күчү ошого сарпталат. 1 жаштагы баланын орточо салмагы 8-11 килограмм жана бою 71-78 сантиметр болушу мүмкүн.

Адатта 1 жаштагы баланын болжол менен 6-8 тиши болушу мүмкүн. Эгер андан аз же көп болсо кабатырлануунун кереги жок. Себеби ар бир баланын өсүүсү ар башкача болот.

Уйкусу мурдагыдан азаят. Эми ал күндүз бир маал 2-3 саатка чейин укташы ыктымал. Ойгонору менен шак эле керебетинен түшөт. Жата берүү ал үчүн кызыксыз, ага азыр тегерегиндеги жаңы нерселер кызык. Балага жолтоо болбоңуз. Залакасын тийгизе турган нерселерди, ширеңке, ийне, бычак, кайчы сыяктуу буюмдарды ага көргөзбөңүз.

3

Re: 1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

Таанып билүүсү, жеке изилдөөлөрү күчөйт.

Бир аз баса алат. Бул учурда көп жыгылат. Катуу жабыркайт деп коркпоңуз. Анткени анын көлөмү азыр кичинекей, салмагы оор да эмес. Анын сөөктөрү сынат дегениңиз да туура эмес. Сөөктөрү органикага толгон, демек, ал абдан ийилчээк. Бала өзү көтөрүлгөнү туура. Себеби баланын булчуңдары чыңалат, тең салмактуулук пайда болот. Өзүн алып жүрүүгө үйрөнөт. Бул учурда сизден мээримдүү сөздөр жана колдоо гана талап кылынат.

Чоңдордун колунан кармап чуркай алат.
Жөнөкөй сөздөрдү айта алат. Бул учурда бала уккан сөздөрүн эсине тутуу менен алек болот. Андыктан аны менен көбүрөөк маектешиңиз, сөздөрдү так, туура жана толугу менен айтыңыз. Ал айлана-чөйрөнү сиз аркылуу кабылдайт, ошондуктан болуп жатканды түшүндүрүүгө аракеттениңиз. Негизи ар бир баланын тилинин чыгышы ар башкача. Бириники эрте чыкса, бириники кеч чыгат дегендей. Эгерде сиздин балаңыз азырынча сүйлөй элек болсо, кабатырланууга себеп жок.

Чыныдагы суусундуктарды өз алдынча ичип, кашык кармап төгүп-чачып болсо да тамак жей алат.
Өз тилинде күлтүккө барам деп билдире алат.

4

Re: ПСИХОЛОГИЯСЫ

Ал "чоң изилдөөчү". Эмне жаман, оор, коркунучтуу экендигин билип баштаган кези.
Чоңдорду туурай алат. Мисалы, "оюнчуктарды жыйнайбыз, бул жакка сал" деп көрсөтсөңүз, кадимкидей жыйнайт.
Балада жагымсыз эмоциялар болушу мүмкүн. Жинденип жатканын да көрүүгө болот. Кыйкырат, колу менен жаңсайт, буту менен тебинет.

5

Re: БАЛАНЫН БӨЛМӨСҮ

Баланын бөлмөсү жарык болуп, дайыма желдетилип, температурасы 20 градустай болгону жакшы. Баланын буюмдарын дайыма таза кармап, өз убагында чаңын ным чүпүрөк менен сүртүп туруу зарыл. Анын өзүнчө керебети болушу керек. Керебеттин асты жыгачтан жасалганы дурус, анткени эгер керебет ийилчээк болсо бала түз жата албай, омурткасы кыйшайып калуусу ыктымал.

6

Re: 1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

БАЛАНЫН ТАМАКТАНУУСУ

Бул куракта баланы эмчек эмизүүдөн сырткары керектүү витаминдер, углеводдор, май, белок, туз менен камсыздап туруу керек. Балага тамакты үй-бүлөлүк дасторкондон бериңиз: майда тууралган эт (майсыз), боор, балык, сууга бышырылган жумуртка жана буурчактар, түрдүү жер-жемиштер, жашылчалар жана жаңгак, сүт жана сүт азыктарынан даярдалган тамактар (быштак, эжигей, кефир же айран). Кадимки таза суу, алма, банан, атайын витаминдештирилген ботконун түрлөрү да абдан пайдалуу.

Тамактануусу ар тараптуу болуп, бирок ошол эле учурда баланын ашказаны сиңире алуусу керек. Баланын ар бир тамактануусу 300 миллиграммдан (1,5 стакан) кем эмес болушу зарыл. Баланы күнүгө 5 жолу белгиленген бир учурда тамактандыруу керек, ошондо үй-бүлөлүк дасторкондон 3 жолу жана 2 жолу шам-шум (жемиштер, май сүйкөлгөн нан, айран, кефир, май токоч, каймак кошулган быштак) болот. Беймаал тамактандыруу анын табитин начарлатат. Эгер бала тамак ичкиси келбесе аны зордоп, коркутуп, алдап жедирүү жарабайт, тамакка кызыгуусун арттыруу үчүн чогуу же балдар менен тамактандыруу сунушталат.

Баланын өз убагында заңдоосуна көз салуу керек, ич каткандан да анын табити начарлайт. Эгер табити өтө начарлап кетсе, дарыгерге кайрылуу керек.

7

Re: 1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

БАЛАНЫН КИЙИМДЕРИ

1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

1 жашында бала көп кыймылда болот. Андыктан анын кийимдери кыймылына тоскоол болбошу керек. Пахта кездемеден тигилген, таза жана үтүктөлгөн кийимдер сунушталат. Бала жаңыдан басып жаткандыктан талапка ылайык бут кийим тандаңыз.