1

Тема: АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ
Тери ооруларынын ичинде оорутуп, жаныңды кыйнабаган менен, сырт келбетти бузуп көрсөтчү оору бар. Ал дарт элде “ала”, медицинада “витилиго” деп аталат. Анын жаралуу себептери жана дарылоо ыкмалары боюнча жогорку категориядагы врач дерматолог Шамиль Валиев баяндайт.

АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

Бул маселе боюнча тасма үчүн:

2

Re: АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

Эмнеден келип чыгат?

Витилигонун эмнеден келип чыгары тууралуу так маалымат жок, бирок окумуштуулар төмөнкүлөр себеп болот деп эсептешет:
Бөйрөк үстүндөгү, жыныстык жана калкан сымал бездин, гипофиздин иштөөсүнүн бузулушу
Психикалык жаракат
Депрессия, стресс (анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатак), тахикардия, жогорку кан басым, ич катуу
Иммунитеттин иштөөсүнүн бузулушу (организм өзүнүн клеткаларын чоочун зат катары кабыл алып, өлтүрө башташы)
Тукум куучулук
Кээ бир оорулар, мисалы, ревмотоиддүү артрит, бөрү жатыш, богок, боордун оорусу (оорунун айынан тери меланин үчүн керектүү цинк, жез, марганец, магний менен толук жабдылбайт)
Күйүккө чалдыгуу (күн нуруна, ысык нерсеге)
Кээ бир дары-дармек, сапатсыз косметика
Химиялык заттар
Уулануу
Ичтеги мите курттар

3

Re: АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ
Териде ак тактардын пайда болушу
Так билингенде дароо дерматологго көрүнүү зарыл

4

Re: АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

АЛА ООРУСУ (ВИТИЛИГО)
АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ
Витилиго – бул теринин кээ бир бөлүктөрүндө териге өң берип туруучу меланин пигментинин жоголушу. Пигменттер жоголгон жерде ак тактар пайда болгондуктан элибизде “ала” оорусу деп аталып калган. Тактар көбүнчө жаракатка көп кабылып, сүрүлүп-жышылчу жерлерде, мисалы, бет, кол, бут, чыканак, тизе, таман, жука чурайда жаралат. Айыктыруу кыйын. Түрдүү куракта пайда боло берет, көбүнчө 10-30 жаштагыларда кездешет. Оорутпаганы менен косметикалык дефект катары эсептелет. Убакыттын өтүшү менен тактардын өлчөмү чоңоюп, бири-бирине кошулуп, чоң жерди ээлей баштайт.

5

Re: АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

Дарылоо ыкмалары
ПУВА-терапия ыкмасы (ультрафиолет нуру менен нурдантуу)
Гормоналдык дары-дармектер
Витаминдер
Гелий-неондук лазер
Диета
Фитотерапия (дары чөптөр менен дарылоо)
Коргоочу косметика
Микро жана макроэлементтүү дарылоо (калий, натрий, кальций, магний, темир, жез жана башка)
Косметикалык каражат (витиколор гели)

6

Re: АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

Дарттын алдын алуу
Организмди чыңдоо
Витаминдүү тамак-аштарды пайдалануу
Күнгө чыгар алдында күндөн коргоочу кремди колдонуу
Ооруганда дароо текшерилип, дарылануу

7

Re: АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

ВИТИЛИГО МЕНЕН ООРУГАН АТАКТУУЛАР

Ак таңдай акын Жеңижок
Поп музыканын падышасы Майкл Жексон
Шантель Винни деген ат менен белгилүү болгон канадалык модель Винни Харлоу (башкы сүрөттө)

КОШУМЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

Диагноз үчүн денени текшерүү жана жалпы анализден тышкары мите курттарга анализ алынып, боор, өт баштыкчасы УЗИден өткөрүлөт. Комплекстүү дарылоодо 95 пайыз натыйжа берет. Дарылоо оорунун жеңил же оор экенине карап 2 айдан 1,5 жылга дейре созулат. Андыктан убакыт жана чыдамкайлык керек. Дарылар жардам берген учурда 1-2 ай ичинде ак тактардын ичинде майда чекиттер (сепкил сымал) пайда болот жана алар көбөйүп, бири-бирине кошулуп, ала жерлер жабыла баштайт. Же ак тактардын өңү күрөң тарта баштап, көлөмү кичирейе берет. Дарылай баштагандан 2 ай ичинде натыйжа чыкпаса, анда врач дарылоо ыкмасын өзгөртүп, башка дары-дармек жазып берет.

Кээ бирлер чет элге, мисалы, Израилге, Германияга барып дарыланууну көксөйт. Бирок дарылоо ыкмалары бирдей эле. Болгону Израилдин деңиз климаты жана курамында микроэлементтер көп туздуу суусу батыраак айыгууга жардамчы болот.
Күн ысыкта жүргөндө ала болгон жерлер күн нуруна бат күйүп, ичине суу толгон ыйлаакчалар жаралат. Андыктан күн нурунда ашыкча жүрүүдөн качуу керек. Тукумунда ала оорусу барлар балдарын кичинесинен стресске көп чалдыктырбай, ооруса дароо дарылатып жүрүшсө, балада витилигонун жаралбашына мүмкүнчүлүк болот.
Канымжан Усупбекова