1

Тема: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

Өткөн жылдын аягында уул төрөп, эне статусуна ээ болгон ырчы Айнура Салахидинова дагы деле мурдагыдай жигердүүлүгүн жоготпой, уулунун кыркы чыгаары менен үйдө олтуруп алып чыгармачылыгынын арабасын кылдыратууга киришип калыптыр. Ыр деп согуп келген жүрөгүнө энелик мээримди уюткан ырчы айым бизге жашоосунун жаңы барагындагы сырларын ачты.

Айнура салахидинова Сен Деп Кана

Бул маселе боюнча тасма үчүн:

2

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

Айнура айым, наристеңиздин ден соолугу жакшыбы, кыркын чыгарууга кимдер жардам беришти?


– Рахмат, буюрса уулум торолуп, колго келип калды. Кыркылыгын болсо күн-түнгө эсептеп туруп өзүмдүн апам эле чыгарып берди. Анткени, мен дагы деле баламды өзүм жалгыз жуунтууга көнбөй жатам.

3

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Анда тыңышыңызга кимдер каралашты?


– Төрөт үйүнөн келгенден бери негизинен үйдө уулум экөөбүз элебиз. Ал эми үй иштериме каралашканга, баламды жуунтканга кайын эжемдер, улуу абысындарым жана апам келип-кетип жатышты. Төрөөрүмө аз калганда жолдошум “өзүң жалгыз кыйналып кала турган болсоң бала багышканга жардамчы алалы” деп сунуштаган. Мен ошондо эле баламды башка бирөөнүн кароосуна ыраа көрбөй баш тартып койгом. Ошондуктан, энелик жоопкерчиликти толук бойдон өз мойнума алдым. Апам гана күн алыстан келип жуунтушуп жатты. Анда дагы алгачкы күндөрү апамдын колунан жылмышып түшүп кетчүдөй болуп алаканымды тосуп чебеленсем апам “төртөөңдү аман-эсен өстүргөм. Сенде эле бала болсо дагы эмне болуптур” деп урушкан. Ошондон кийин апама ишенип калдым. Бирок, Даирдин кыркы чыккандан бери жолдошум “эми апамды убара кыла бербей өзүң эле жуунт, мен суу куюп берем” деп жатат.

4

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Баланы жуунтууда кандай кылдаттыктарга басым жасап жатасыз?


– Мен төрөгөнгө аз калганда атайын балдарга арналган самындар менен денеси үчүн майлардын баарын түрлөп алып койгон элем. Бирок, доктурлар дагы, апам дагы анын бирөөсүн да колдонууга жаратпай салышты. Анткени, андай каражаттар наристенин денесин кургатып, ар кандай аллергияларды чакырат экен. Ошондуктан, азыр жуунтуу үчүн кадимки эле кир самынды колдонуп жатам. Чындыгында, абдан жакшы экен. Денеси үчүн да, кийимдери үчүн дагы бир гана ушул самынды пайдаланам. Жуунткан соң кезек менен ит уйгак, ромашка чөптөрүнүн маңыздарына же марганцовкага, туздуу сууга чайкап жатам. Булар баланын терисинин жакшы калыптанышына жардам берет экен.Жуунтуп болгон соң денеси үчүн сатыктагы майларды жакындаткан жокмун. Апамдын ыкмасынын негизинде кадимки эле суу майды колдонуп жатам. Ал үчүн алгач суу майды бир литрлик банкага куюп, оозун бекитип туруп жылуу суу куюлган мискейге салып 50 мүнөт кайнатуу керек. Даяр болгон майды бөлмө температурасына сактап колдоно берсе болот. А мен ал майды жуунтуудан тышкары памперсин алмаштыргандан кийин дагы колдоном. Денеси кургабай абдан жакшы болуп калат.

5

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Наристеңиз ыйлаакпы же жоошпу?


– Даир жоош мүнөздүүлөргө эле кирет. Абдан чырдап ыйлабайт деле. Балалуулардын “кээде катуу деле ыйлатып тур, өпкөсү ачылып өзүнө жакшы болот” дешкендерин угуп ыйлатайын дегем. Бирок, таптакыр ыйлатып коюп чыдап тура албайт экенсиң. Боорум ооруп кетип дароо колума ала коём.

6

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Ысымын Даир деп ким койду?


– Атасы койду. Жолдошум УЗИден уул экенин билгенден баштап эле ушул ысымды айтып келген. Эмнегедир ал кезде башкача угулуп, көп көңүлдөнбөй жаткам. Азыр уулумду Даир деп чакыруу абдан жагып калды. А бул ысым жолдошумдун Даирбий деген чоң аталарынын атынан алынды. Уулубуздун атын чоң атасынын атынан койгонубузга кайын журтум абдан кубанычта болушту. Чоң атасындай кыйын адам болсун деген тилектерин айтып жатышат.

7

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– А төрөтүңүз кандай болду?

– Түнкү саат 12де барып үч сааттай толготтум. Анан түнкү саат 3кө 10 мүнөт калганда төрөдүм. Жолдошумдун төрөтүмө катышышына өзүм макул болгон жокмун. Толготуп атсам төрөт кабыл алгандар “кана, ырчы, ырдап туруп төрөчү” деп мени таң калтырышты. Аларга төрөттө кыйналгандарды көрө берүү көнүмүш болуп калган окшойт. Ошол маалда аларга ушунчалык кыжырым келди. Бирок, баламды колума алгандан кийин доктурлар менен ашканада бирге тамактанып, аларга ыраазычылыгымды билдирип чын дилимден ырдап бердим. Азыр болсо ошол кездеги азап-тозоктун баары унутулуп “эми кыз төрөп алсам” деп кыялдана баштадым.

8

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Ымыркайды торолтуу боюнча маалыматтарды, пайдалуу кеңештерди кайдан алып жатасыз?

– Төрөгөнгө чейин деле ар бир айы үчүн эне эмне кылышы керек экенин интернеттен билип, андагы эрежелерди сактоого аракет кылып келгем. Азыр ал аракетим андан дагы күчөдү. Эжелерим, балалуу тааныштарым дагы мага келген сайын балалуу энелерге арналган китептерди, журналдарды алып келип беришет.

9

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– А келбетиңизди калыбына келтирүү үчүн аракеттерди көрүп жатасызбы?

– Андай аракеттерге эми киришип баштайм. Жакшысы - мен төрөттөн кийин толгон жокмун. Балким, баланын түйшүгү менен көп кыймылдаганга толууга деле мүмкүнчүлүк болбойбу, айтор, өзүмдү жеңил эле сезип жатам. Ошентсе да тамактануудан сактанайын деген элем. Анткеним менен бала эмизгенден кийин аябай ачка болуп кетем.

10

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Ымыркайга кийим-кече, керектүүлөрдү эмнесине карап сатып алып жатасыз?

– Чындыгында, ал жагына анчейин деле маани берген жокмун. Менден улуу эжемдин уулу бар. Баламдын кийим-кече, ороо-чулгоосунун теңи эле ошол жээнимдин кичинекей кезиндегилери. Ырчынын баласы болсо эмне экен, башкалардай эле менин уулум дагы бир жаңы, бир эски менен эле чоңоюп жатат.

11

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Жолдошуңуз кандай ата экен?

– Ата болгондон бери жолдошумдун жакшы жактарын көп байкап жатам. Анткени, мурда эшикке кетип жатканында эмне ала келиши керек экенин мен айтып турчумун. Азыр болсо “эмне ала келейин, эмнеңер бар, эмнеңер жок?” деп сурап турууну адат кылып алды. Андан дагы кызыгы, көзүнө жакшы көрүнгөн баш кийимдерди эле алып келе берет. Бири чак келсе, экөөсү чоң болуп олтуруп баш кийимдери өтө көп болуп кетти. Ошондой эле жолдошум ушул күнгө чейин уулун колуна алып көтөрүп көрө элек. Өзү оор гантелдер менен машыгып турганга бала ага абдан эле назик сезилип, денесине колун тийгизгенден сактанып атат. Мага болсо тамашалап “өзүң жакшылап бага бер, кийин сен ырдап кетсең ансыз деле уулумду өзүм карап калам” дейт.

12

Re: Айнура салахидинова Сен Деп Кана

– Бала менен чыгармачылыгымды кантип бирге алып кетем деген көйгөй жаралган жокпу?

– Жок, эч кандай. Ал турсун бир берүүгө тартылып келүүгө да жетиштим. Кудайга шүгүр, апам бар, жолдошум колдоп турат. Балама арналган ырымдын обону дагы даяр болуп калды. Ал эми аранжировщик байке сүйүнчү айтканымда эле “балаңа арнап жазган ырыңдын аранжировкасы мен берген сүйүнчү болот” деген. Ал ырымдын клибине уулумду тартам. Азыр ошентип балам тартылчу клиптин ырын даярдап жатам. Ага чейин уулум дагы чоңоюп калат.Ошондой эле Роза эже Азиза үчөөбүз ырдаганга дагы бир ыр даярдап коюптур. “Кааласаңар да, каалабасаңар да клипте үчөөбүздүн балдарыбыз каарман болот” деп жатат. Кудайым буюрса, чыгармачылыгым мурдагы калыбынан жазбай улана берет.