1

Тема: Баланы эмчектен чыгаруу

Баланы эмчектен чыгаруу.
Баланы эмчектен чыгаруу-балага да, энеге да психологиялык жактан да, физически да оор акыбал. Буга эртереек даярданыш керек.
Баланы эмчектен чыгаруу
Өз тажрыйбам боюнча, эгер эмизүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болсо, баланы 1,5-2 жашка чейин эмизгениңиз оң. Андан эртерээк чыгарсаңыз, баланын ашказаны көпчүлүк тамакты жакшы сиңире албай бала кыйналат. Тамакка аппетити келбей, аз жеп, иммунитети түшүп көп ооруп калышы мүмкүн. Эки жаштан ашык эмизүүнүн да кажети жок. Биринчиден бала өзүнө керектүү витамин, минералдарды жөнөкөй тамактан деле ала баштайт. Экинчиден чоңойуп калган баланын эмчек эмгени кызыктай көрүнөт. Кээ бир адамдардын айтканына караганда, баланы бир жаштан ашык эмизсе, бала эне сүтүн актай албай калат экен. Ким билет… Мен буга кошулбайм.

Баланы эмчектен чыгаруу

Бул маселе боюнча тасма үчүн:

2

Re: Баланы эмчектен чыгаруу

Баланы жайкы маалда эмчектен чыгарса, анын ден-соолугуна зяны тийип калышы мүмкүн. Өзүңөр билгендей жайкысын ар түрдүү ичеги инфекциялары көп. Эмчектен чыгып жатканда, баланын иммунитети түшүп кеткендигине байланыштуу, инфекцияларды ылдам жугузуп алышы мүмкүн. Анын үстүнө жайкысын суусундуксуз жүрө албайсыз, ал эми ал учурда эне да суусундукту бир аз кыскартышы керек.

Эң оптималдуу мезгил сентябрьдын аягынан, апрельге чейинки убакыт. Эмчектен чыгып жаткан учурда бала да, эне да эч кандай оорулар менен оорубашы керек.

3

Re: Баланы эмчектен чыгаруу

Күйөөдөн моралдык жардам керек.

Эң басып айта турчу нерсе, бул учурда аялга күйөөсүнүн колдоосу чоң болуш керек. Анткени, бардык энелерге баласын эмчектен чыгарып жаткан учурда, баласын ээн талаада, жалгыз таштап кеткендей, сүтүн аяп бербей койгондой күнөлүү сезим келет. Көп энелер депрессияга түшүп, ыйлап, катуу эмоция толкунунда болот. Кабагы ачылбай жинденет. Себепсиз жерден таарынат. Муну күйөөсү түшүнүш керек. Аялына жөлөк болуп, позитивдүү маанай тартуулашы керек. Эне да өзүн колго алып, баласы эмчексиз деле энесин жакшы көрөөрүн, эмчексиз деле ачка болбоорун түшүнүшү керек.

4

Re: Баланы эмчектен чыгаруу

Чыгаруу процесси.

Эми менин методума кайрылсак. Баланы эмчектен чыгарам деп чечкен соң, түнүкүсүн баланы эмизгенден кийин, «Болду, күн чыгаары менен эмчекке баланы жолотпойм», деп өзүмө өзүм толук убада берем. Убада берип чечкиндүү болбосоңор, күндө эртең деп отуруп, дагы жарым жыл эмизип жүрө беришиңиз мүмкүн. Эртеси күнү мойну тыгыз водолазка кийип алыңыз да анын үстүнөн кат-кат жука кофточка же футболкаларды кийип алыңыз.

Мунун сизге бир аздан соң жардамы тийет. Күн мурун ар түрдүү кичинекей коробкадагы трубочкасы менен жемиш ширелерин, йогурт, сүт коктейльдерин, печеньелерди алып, даярдап коюңуз. Мындай таттуларды акыркы үч-төрт күн ичинде сагынттырып бербеңиз. Анан бала эмчек сураган сайын улам бирин берип турасыз. Эгер эмчек сурабай жөн гана суусаса, чай же компот бергениңиз оң. Анткени бул суусундуктар баланын ашказанына жумшак болот. Эгер төшүңүздү ачууга аракет кылса, жанагы кат-кат кийген кофточкаларыңыздын бирин чечип «Мына жок…» деп коюңуз.

5

Re: Баланы эмчектен чыгаруу

Эгер бала болбой эле эмчек сурап ыйлап баштаса, кадимки эле левомицитин таблеткасы менен эмчектин үрпүн сүртүп туруп, балага эмдирип көрүңүз. Анын ачуулугунан бала эмчекти ошол замат оозунан чыгарат. Ошондо балаңызга «Бул ачуу, жаман» деп түшүндүрүп коюңуз. Мен «Фуу, кака» деп коём.

Эгер бала жанакы ачууну унутуп калып кайра эмчек сураса, ага «бул фуу, кака»  деп койсоңуз, жанагы ачууну эстейт. Эстебесе дагы бир жолу левомицитинди эмчек үрпүнө сыйпап берип коюңуз да «фуу, кака» деп кайрадан айтыңыз. Болду. Ушуну менен балаңыз эмчекке кайра жолобойт. Берейин десеңиз да, өзү «фуу, кака» деп эмбейт.

6

Re: Баланы эмчектен чыгаруу

Бала үчүн эң кыйын болгон биринчи түн. Андан кийинки түндөр жеңил болуп калат. Кээ бир аялдар баланы эмчектен чыгарыш үчүн, баласын туугандарына берип жиберип же үйгө таштап, өзү башка жакка бир жумалап кетип калат экен. Бул такыр туура эмес. Наристе ансыз деле кыйналып жатса, энеси баласын колдоп жанында мээрим берип турганы оң.

7

Re: Баланы эмчектен чыгаруу

Ал эми энеге эмчекти таңуунун кереги жок. Муну менен мастит кылып алышыңыз мүмкүн. Аптекаларда атайын даарылар сатылат. Аларды да ичүүнүн кажети жок, анткени эмчек төрөгөндөн кийинки алты айдан соң сурам жана сунуш закону менен иштейт, башкача айтканда эмизбесеңиз өзү эле токтойт.

Андан көрө жакшы кармаган бюстгалтер кийип алып, эмчек аябай толуп катып баратканда өтө бошотпой кол менен саап туруңуз. Эгер оорутуп саай албай жатсаңыз, душка кирсеңиз жумшарып оңой саалат. Анан капустанын кабыгын таза жууп эмчегиңизге жабып коюңуз.